• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кочкор районунда сүт иштетүүчү заводду куруу боюнча ири долбоор башталды

Президент 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районундагы сүт иштетүүчү ишкананын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Ишкананын жетекчиси Болот Төлөнов учурда заводду кеңейтүү максатындагы долбоордун алкагында жалпы сметалык баасы 72 млн сомду түзгөн, эл аралык стандарттарга ылайыкташкан жаңы сүт заводунун курулуп жатканын маалымдады.

Өндүрүштү кеңейтүү сүттү кайра иштетүүнү суткасына 10-20 тоннага чейин жеткирип, 100-150 жаңы жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет жана Кочкор, Жумгал райондорунун фермерлерине сүт сатууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Буга чейин ишканага насыялык колдоону «Айыл Банк» көрсөтүп келген. Бүгүнкү күндө долбоорду толук жүзөгө ашыруу үчүн дээрлик 26 миллион сом кошумча каражат талап кылынат.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактардын экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү калкты жумуш орду менен камсыз кылган ишкананын ийгиликтерин канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы долбоорду ишке ашырууда жана заводдун ишине мындан аркы ийгиликтерди каалап, мамлекет региондордо ишкердикти колдоого өзгөчө көңүл буруп жатканын эске салды.

«Мамлекет менен инвесторлордун каражаттары орто жана чакан ишканаларды колдоого багытталууда, бул келечекте өлкө экономикасынын бирдиктүү өнүгүшүнө кепилдик берет», — деп баса белгиледи Президент.

Аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында каржы институттарынын жеңилдетилген каражаттары жер-жерлердеги ишкерлерди, фермерлерди, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн артыкчылык менен багытталып жатканын дагы бир жолу канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы иштер кийинки жылдары дагы улантыларына ишендирди. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна, «Айыл Банк» ААКсына жана «Кепилдик Фонду» ААКсына үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушун аяктоо үчүн жеңилдетилген каражаттарды бөлүү сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий