• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор районунда соода-логистикалык борбор курулат

Аймак 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Кочкор районунда пилоттук долбоор катары жашылча-жемиш сактоочу соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча алты тараптуу кызматташуу меморандумуна 2018-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Анда Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Казухико Кикучи, Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Рахатбек Абакиров, «Өндүрүүчүлөрдүн логистикалык ассоциасы» юридикалык жактардын бирикмесинин башчысы Мундуз Бейшеев жана «Кочкор логистик» айыл чарба коммерциялык кооперативинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев тарабынан келишим түзүлдү.

Кызматташуу меморандуму 2 этапка бөлүнөт: 1-этапта тараптардын милдеттери көрсөтүлгөн келишимге кол коюлуп, 2-этабында JICA тарабынан курулуш материалдары жана техникалык каражаттар кооперативдин жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет.

Эске салсак, Нарын облусунда 2012-жылдан баштап өткөрүлүп келе жаткан Инвест-форумдардын биринде картошка сактоочу логистикалык борбордун долбоору тааныштырылган. Изденүүнүн жыйынтыгында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан долбоор колдоого алынган. Учурда жергиликтүү бийлик тарабынан соода-логистикалык борбордун курулушун жүргүзүү үчүн Кочкор районунун Исакеев айылынан жер бөлүнүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий