• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кочкор районунда "Өспүрүм түн" аталышындагы рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кочкор районунда "Өспүрүм түн" аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда милициянын көчмө кабылдамасы менен Кочкор районунун Теңдик айылындагы ар жуманын ишемби күндөрү өткөрүлүп келген мал базарында рейд жүргүзүлүп, ата-энесинин көзөмөлү жок жүргөн өспүрүм балдарга укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жашы жете электерди жумушка тартуу фактыларын алдын алуу жана оор жумушка тартуу фактыларын болтурбоо максатында Кочкор районунун соода түйүндөрү, унаа жуучу жана тамак-аш сатуучу жайлары текшерилип, жумуш берүүчүлөргө түшүндүрмө берилип, эскертүүлөр айтылды.

Кочкор районунун аймагында балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан өздөрүнө бекитилип берилген мектептерде окуучулар арасында кылмыш кырсыктардын алдын алууга багытталган иш-чаралар, профилактикалык түшүндүрүү иштери жеринде жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий