• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар бала табыла элек - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кестек, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар Н.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа бере элек.

Бүгүн, 28-сентябрь күнү издөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий