• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар баланы издөө иштери улантылууда

Кырсык 0

Бишкек, 22.08.20. /Кабар/. Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 7-августта Нарын облусу Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына Н.Б. аттуу 7 жашар бала чөгүп кеткен. Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында саат 08:00дө Кочкор районунан 8 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий