• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/.Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

2-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 8 куткаруучу тартылды. Бүгүн, 3-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий