• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор районунда таштандыны кайра иштетүүчү завод жана тигүү цехи ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди.

Ишкананы ачуу аземине облустук жана райондук администрациялардын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты. Завод 20 млн сомго курулуп, суткасына 4 тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү.

Мындан тышкары, Кум-Дөбө айылында тигүүчү цех пайдаланууга берилип, анда 20 адам жумуш орундары менен камсыздалды. Жакынкы жылдары ата мекендик “Таза Мекеним” ишканасы 350 орундуу тигүү цехин ачууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий