• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кочкор районунда заманбап мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылында жаңы заманбап мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен Туз айылында Жунушалы кызы Сайнап атындагы жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун жалпы сметалык баасы 59 млн сомду түзөт. Курулуш аяктагандан кийин бул мектептин окуучулары баардык шарттар менен камсыз болушат.

Пикир

Оставить комментарий