• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кочкор районунда жаштар борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кочкор районуна караштуу Теңдик айлында жаштар борбору ачылды.

Кочкор райондук администрациясынан кабарлашкандай, салтанаттуу ачылыш аземине өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеев, Жапон мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Шимизу Минори жана Кыргызстандагы ПРООНдун орун басары Томица Паович катышты.

Ачылыш аземде куттуктоо сөздөр айтылып, жаштар борборунун курулуш иштерине көмөк кылган уюмдарга ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Жаштар борборунун имараты жана ички жабдуусуна 36,7 миң АКШ доллары жумшалып, ал Кыргызстандагы ПРООН уюму тарабынан каржыланды.

"Борбордун негизги максаты жаштарды окутуу, долбоорлор менен иштөө болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий