• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Кочкор районунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын ичинде 60 жаштагы эркек киши жана 56 жаштагы аял киши кыпчылып калган. Куткаруучулар аталган жарандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.

Пикир

Оставить комментарий