• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор районунда жол кырсыгынан 2 аял жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июлда болжол менен саат 11:25 чамасында Кара-Тоо-Комсомол унаа жолунун 25-чакырымында “Audi C4” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 аял жабыркаган. Жерине КР ӨКМдин куткаруучулары барышып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий