• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор районундагы "Чолпон" кинотеатры толук оңдоодон өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.12.20. /Кабар/. Кочкор районундагы "Чолпон" кинотеатрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, колдонууга берилди.Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылышка маданият министри Нуржигит Кадырбеков жана облустук, райондук бийлик өкүлдөрү катышты.

Кинотеатр 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп баштаган.

Имаратын оңдоп-түзөө үчүн республикалык бюджеттен 15 млн сом которулган. Бул каражатка кинотеатрдын сырткы жана ички жасалгалоосу азыркы убакытын талаптарына жооп берген материалдарды колдонуу аркылуу чоң 300 орундуу жана кичи 33 орундуу зал (3D) жасалып, жаңы жылытуу, жарык берүү системалары, заманбап техника жана жаңы креслолор орнотулду.

Нарын областынын Кочкор районундагы “Чолпон” кинотеатры 400 орундуу бир залы менен 1966-жылы ишке киргизилген. Ишке киргизилген убакыттан тартып оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

2012-жылы Маданият жана маалымат, туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына алынган.

Пикир

Оставить комментарий