• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор районундагы кесиптик лицейдин базасында тигүү цехи ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Кочкор районунун Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейинин ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатында Кочкор районунун борборуна 24 орундуу тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Бул тигүү цехинде №15 кесиптик лицейдин мугалим-мастерлери, технологдору кийимдердин тигилишине жана сапатына жооптуу болуп эмгектене башташты.

Жаңы окуу жылынан баштап тикмечи группалары дуалдык система менен окутулуп, окуучулардын кесиптик тажрыйбасын жогорулатууга шарттар түзүлмөкчү.

Белгилей кетсек, аталган тигүү цехи жеке ишкер Руслан Жапар уулу тарабынан ачылган.

Пикир

Оставить комментарий