• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кочкор районундагы мектептин курулуш иштери 60%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулуш иштери 60%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу 2019-жылы октябрь айында башталган. Объектинин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучулук орунга эсептелинген. Ал эми мектептин курулушунун сметалык баасы 690063 АКШ долларын түзөт.

"Бүгүнкү күндө жер иштери жана кураштыруу пайдубалы , кирпичтерин коюу жана күчөтүү, монолиттик колонналардын бетондоо иштери 100% га бүткөрүлгөн. Учурда мектептин чатырын жабуу иштери аткарылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Мектептин курулуш иштерин 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий