• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Курбанбек Камчыев Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» КР мыйзамына ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Камчыев Курбанбек Камчыевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий