• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкор районунун дайынсыз жоголгон 40 жаштагы тургуну изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун 1981-жылы туулган Аманалиева Гүланда Аскаровна аттуу тургуну изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Гүланда Аманалиева 1981-жылы 23-июнда Ат-Башы районунун Калинин айылында туулган. Кочкор районунун тургуну.

Белгилери: бою 160-165 см, жоголгон учурда үстүндө узун сары куртка, башында кызыл жоолук, кызыл спорттук шым, бутунда ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн, чачы кара ийинге чейин.

“Гүланда 2020-жылдын 30-октябрында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Эгер окуп жаткан болсоң үйгө кайрылып кел, үйдө кичинекей кызын, уулун куса болуп күн санап күтүүдө. Көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерге кайрылып коюшуңуздарды өтүнөбүз: 0707803970”, - деп айтылат туугандарынын кайрылуусунда.

Пикир

Оставить комментарий