• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кочкор районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.06.21. /Кабар/. "Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз–Бел, Кара–Тоо, Арсы, Кум–Добо, Шамшы айылдарынын жашоочуларына 95 акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуулар Ш. Абдылдаев жана К. Мырзабеков атындагы орто мектептердин базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

24-июнда “Тилектештик автобусунун” адистеринин калк менен жолугушуусу түшкө чейин Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылында, ал эми түштөн кийин Мантыш айылында К. Акназаров жана К. Курткаев атындагы орто мектептердин базасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий