• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кочкордо 22 жаштагы кыз киши колдуу болду. Шектүү башка облустан кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Тынай-Булак кыштоосундагы сарайдагы үйдөн белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси 23-январда табылган.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Кочкор райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу сарайдагы үч бөлмөлүү үйдүн күн батыш тарабында болжол менен 20-25 жаштагы аял кишинин күч колдонулуп өлтүрүлгөн сөөгүн табышкан. Анын бети, башынын маңдайкы жана көкүрөк бөлүгүндө, буттарында күч колдонулган көк-ала тактар болгон.

Каза болгон жаран Чүй облусунун Сокулук районунун 22 жаштагы К.К. аттуу тургуну экендиги такталган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн натыйжасында Ош облусунун Ноокат районунан жогорудагы кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 25 жаштагы М.И. аттуу тургуну кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий