• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кочкордо 3 адамдын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.11.17. /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Кечээ, 14-ноябрда Нарындагы Кочкор районунун аймагынан куткаруучулар 3 адамдын жансыз денесин табышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 11:45 чамасында КР ӨКМнин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын жансыз сөөгүн алып түшүшкөн.

Кийинчерээк ушул эле бөлүмдүн куткаруучулары болжол менен саат 13:16 чамасында Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денесин алып чыгышкан.

Андан сырткары, түшкөн кийин саат 16:22 чамасында Жылуу-Суу тилкесиндеги Чу суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.

ӨКМден кабарлашкандай, куткаруучулар табылган сөөктөрдү өздүгүн тактоо үчүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий