• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кочкордо алыш күрөшү боюнча өлкөнүн биринчи ачык кубогу болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда алыш күрөшү боюнча өлкөнүн биринчи ачык кубогу болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Коомдук ишмер Урматбек Кадыркуловдун элесине арналган мелдеш 15-февралда Кочкордун Ак-Жар айылында Дыйкан уулу Иманаалы атындагы спорт сарайында өттү.

Таймашка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 116 спортчу катышты.

Мелдеш кыз-келиндер жана эркектер арасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн эрежеси менен өткөрүлгөн жана төмөнкү салмакта өткөн:

– Эркек: 60 кг, 80 кг, +80 кг;

– кыз-келин: 60 кг, 70 кг, +70 кг.

Мелдештин жалпы байгеси 4200 долларды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий