• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Нарында BMW унаасы кырсыкка учуруп, эки адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда (Семиз-Бел айылы) 6-декабрь күнү саат 00:22 чамасында BMW үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен бир эркек, бир аял киши (аты-жөндөрү такталууда) каза болгон. Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жерине төрт куткаруучу, милиция кызматы жана тез жардам кызматы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий