• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кочкордо эки унаа кагышып, төрт адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. Кочкор районунда “Audi 80” жана “Toyota Windom” унаалары кагышып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жол кырсыгы Кочкор – Кум-Дөбө унаа жолунун 10 чакырымында болгон. Билдирүүдө айтылгандай, эки унаанын айдоочусу жана эки жүргүнчү ар кандай жарааттарды алышкан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда орточо эсеп боюнча бир күндө 3 адам жол кырсыгынан каза болсо, 20 жакыны ар кандай жарааттарды алышат.

Пикир

Оставить комментарий