• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кочкордо “Йакын Инкар” агымынын мүчөсү уюмдан баш тартты

Аймак 0


Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Кочкордо “Йакын Инкар” агымынын мүчөсү уюмдан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-майда Кочкор районунун аймагында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында сот тарабынан ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөсү М.у.С. диний багытты тандоодо адашкандыгын мойнуна алды, “Йакын Инкар” диний-экстремисттик агымынын экстремисттик идеяларынан баш тартып, башка жарандарды аталган агымдын мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырды.

Белгилей кетсек, аталган Кыргызстандын жараны М.у.С. узак убакыт бою жергиликтүү калктын арасында диний-экстремисттик агымдын радикалдык идеяларын үгүттөгөн, “Йакын Инкар” кыймылынын жергиликтүү түзүмдөрүнө жаңы мүчөлөрдү тарткан.

КР УКМК экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө каршы тынымсыз иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий