• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкордо мал союучу цех салынууда

Коом 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Жаны-Жол айылында биринчи жолу мал союучу цех салынып жатат. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Мамэкотехинспекциянын адистери салынып курулуштун башталышынан тартып көзөмөл жүргүзүп жатат. Себеби, салынып жаткан цех толугу менен коюлган экологиялык жана техникалык талаптарга жооп бериши абзел. Мындай ири ишкана Кочкор районунда биринчи жолу салынып жаткандыктан, инспекторлор курулуштун ар бир бөлүгүн кылдат текшерип, кемчиликтер аныкталса жеринде көрсөтмөлөрдү беришүүдө.

Курулуш иштеринде коопсуздук маселелерин сактоодо Мамэкотехинспекциянын инспекторлору гана эмес, ишкерлер өзүлөрү дагы жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керектигин Мамэкотехинспекциянын инспекторлору кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий