• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кочкордо милиция окуучулар арасында сүрөт тартуу боюнча сынак уюштурду

Аймак 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору Кочкор айылындагы Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуучулар арасында "Жаркын жашоо" деген темада көркөм сүрөт тартуу боюнча сынак өткөрдү. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынактын жыйынтыгында эң мыкты дэңгээлде берилген тапшырмага ылайык тартылган сүрөт ээлерине Кочкор РИИБү тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

"Милиция тарабынан уюштурулган бул сынак мектеп администрациясы жана окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынып, ушундай иш-чара байма-бай өтүп турса,
мындан кийин да улантылса деген ой-пикирлерин калтырышып, ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий