• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кочкордо милиция өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча рейд өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Кочкордо милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча рейд өткөрүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы, жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте рейд жүргүзүп жатат.

Окуучулар азыркы кырдаалга байланыштуу аралыкты сактоо менен окуп жаткандыктан окуусуна көңүл буруусу, бош убактыларын туура пайдалануусу жана ата-энелерге көзөмөлдү күчөтүү жагы эскертилүүдө.

Рейд Кочкор районунун Кызыл-Дөбө, Мантыш, Көк-Жар айылдарында өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор айылындагы унаа жуучу жайлар, оюн-зоок залдары, соода-сатык түйүндөрү текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Ошондой эле жарандарга жугуштуу коронавирус илдетин алдын алуу максатында профилактикалык иштер тынымсыз жүрүп жатат.

Мындай иш-чара бардык айыл аймактарына өткөрүлүп турмакчы.

Пикир

Оставить комментарий