• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкордо мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Кочкордо мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында Кочкор районунун Чолпон айылынын аймагында Бишкек шаарынын, Ош облусунун, Кочкор районунун тургундары аңчылык учурунда жеринен кармалды.

Жыйынтыгында протоколдор түзүлүп, ар бир жаранга 12 миң 500 сомдон айып салынып, жалпы айыптын суммасы 75 миң сомду түздү.

Чогултулган материалдар райондук милицияга ѳткѳрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий