• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкордо мыйзамсыз берилген 22,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Кочкордо мыйзамсыз берилген 22,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүндө райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аталган айыл өкмөттүн 1997-жылдагы чечими менен О.С. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 22,5 га айыл чарба жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 20 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Көзөмөл органы тарабынан прокурордук акты келтирилип, жогоруда аталган 10 млн 12 миң 500 сомго бааланган 22,5 га айыл чарба жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий