• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкордо “Нива” унаасы сууга кулап, эки адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда “Нива” үлгүсүндөгү унаа сууга кулап, андан эки жаран көз жумду деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Кырсык кечээ, Кочкор менен Арчалу айылдарынын жолунун 55-км аралыгында болгон.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза болгон бир аял менен эркектин жансыз денесин суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий