• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кочкордо окуучулар арасында суицидди алдын алуу боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.12.17 /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор райондук хатибияты Кочкор районунун Ак-Талаа айылынын А.Абдыкеримов атындагы жана Орток айылынын А.Жалпатеков атындагы орто мектептеринде «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата мектеп окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу максатында окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, жыйынга Кочкор районунун баш имам-хатиби Жеңишбек Арзымкожоев жана Кочкор райондук ИИБнин ЖӨИ инспекциясынын кызматкерлери катышып, ата-энелерге кылмыштуулуктун, суициддин жана рекетчиликтин алдын алуу боюнча бир катар маалыматтарды айтышты. Ошондой эле аларды алдын алууда ата-энелер балдар менен иштөөсү, алардын коомдук иштердеги активдүүлүгү жана айлана-чөйрөдөн алып жаткан маалыматтары боюнча иш алып баруусу керек экендиги айтылды.

“Ата-эне баланын өз өмүрүн кыюсуна жол бербөө үчүн алардын сезимдери менен эсептешүүлөрү керек”,-деди Жеңишбек Арзымкожоев.

Муну менен катар Кочкор районунун баш имам-хатиби ата-энелер балдарга кылмыштын зыяндуулугун түшүндүрүп, аларга ар дайым көңүл бөлүүсү зарыл экендигин, ал эми түнт балдар болсо, алардын оюн угууга аракет кылып, сезимдерин түшүнүү керек экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий