Кочкордо сууга чөккөн бала табыла элек – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Кочкордо сууга чөккөн бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен.

25-октябрь күнү жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. Издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн, 26-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий