• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кочкордо сууга чөккөн баланы издөө иштери уланууда – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Кочкордо сууга чөккөн баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен.

Кечээ, 20-октябрда жерине издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден жалпы 26 куткаруучу жана ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган. Бирок, издөө иштери жыйынтык берген эмес.

Бүгүн, 21-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий