• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кочкордо токойдогу бак-даракты мыйзамсыз кыйган жаран аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Нарындын Кочкор районунда токойдогу бак-даракты мыйзамсыз кыйган жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 22-августта министрликтин инспекторлору рейд жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу фактысын аныкташкан.

Кочкор районундагы Сары-Чат аймагында С.М. аттуу жаран уруксаты жок токойдогу бак-дарактарды кыйган.

Министрликтин өкүлдөрү жеринде акт түзүп, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыянды эсептеп чыгышты. Чогултулган материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий