• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкордо унаадан 4 кг кара куурай табылды — сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда унаадан 4 кг кара куурай табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кочкор районунда 29-июнда "Ауди С4" үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Унаанын ичинде Жумгал районунун 47 жаштагы А.Ж., 27 жаштагы И.Ө., жана 33 жаштагы М.К., аттуу тургундары менен бирге салмагы 4 килограммды түзгөн өзгөчө жыты бар шектүү зат болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен кылмыш иши козголгон.

Табылып алынган зат боюнча тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, ал кара куурай экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий