• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кочкордо жол коопсуздугун алдын алуу максатында эки баннер илинип, 17 белги орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда жол коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары уланууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

2021-2022-окуу жылынын башталышына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан Кочкордо жол кыймылынын эрежелерин сактоо, айдоочулар бири-бирин сыйлоо, айдоо тартибин жакшыртуу жана жол-унаа кырсыктарын болтурбоо багытында эки баннер илинди.

Ошондой эле Ак-Жар, Кум-Дөбө жана башка айыл жолдоруна иликтөө иштери жүргүзүлүп, 17 даана жол белгилери орнотулду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин так сактап жана бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий