• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкордо жол кырсыгынан 12 жаштагы бала каза болуп, беш адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жол кырсыгы катталды, - деп кабарлайт КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 16-октябрда саат 03:50дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында катталган, анда Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай кырсыкка кабылган.

Кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы эркек бала каза болуп, 31 жаштагы эки эркек киши, 28 жаштагы жана 26 жаштагы эки аял, ошондой эле 4 жаштагы бала жабыркаган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Ал эми жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий