• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кочкордогу жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды

Кырсык 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Бишкек-Торугарт унаа жолунда бүгүн, 15-августта жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки эркек киши каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, “Ауди” үлгүсүндөгү унаа комбайнга кирип кеткен. Алардын жанынан өтүп бараткан “Фольксваген пассат” унаасынын айдоочусу токтоп, жабырлануучуга жардам берүүнү чечкен. Ошол учурда жогорку ылдамдыкта келе жаткан минивэн аларды сүзүп кеткен. Эки адам тең кырсык болгон жерден каза болгон.

Андан сырткары эки адам жабыркап, Кочкордогу ооруканага жеткирилген

Пикир

Оставить комментарий