• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кочкордун Туз айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кочкордун Туз айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусундагы Кочкор районунун Туз айылында салынып жаткан Жунушалы кызы Сайнап атындагы мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

Бул жаңы мектеп, 2 кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана өткөөл галереядан турат. Жалпы аянты 1786,5 чарчы метрди түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күндө объекттин курулушунун бүткөрүлүшү 70%ды түзөт. Подряддык уюм тарабынан окуу корпустун чатырын жабуу, терезе жана эшик блокторун орнотуу иштери аткарылып, сырткы жана ички коммуникациялардын түзүлүштөрү бүткөрүлдү.

Учурда, ички жасалгоо жумуштары жана спорттук залдын дубалын кирпич менен коюу иштери жүрүүдѳ.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 58 млн 300 миң сомду түзөт. Быйылкы жылы бүткөрүү үчүн 14 млн 800 миң сом бөлүнгөн. Объект 2021-жылдын 1-сентябрга чейин пайдаланууга берүүсү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий