• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кочкоров: Материалдык резервдер фондунан 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө 5,4 миң тонна ун таратылууда

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө 5,4 миң тонна ун таратылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Ал белгилегендей, министрликтин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн кайрылуулары боюнча демөөрчүлөрдүн, кайрымдуулук уюмдарынын, жеке адамдардын эсебинен азык-түлүктөр жана коргоо каражаттары (беткап) үйлөрүнө чейин жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий