• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кочкоров Украинанын элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бүгүн эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында Валерий Жовтенко калкты социалдык жактан коргоо тармагында эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген. Ал ушул жылдын аягында өкмөттөр аралык комиссия жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштаган.

Министр өз кезегинде айтылган демилгени колдоорун жана эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба алмашуу калкка социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө олуттуу пайда алып келерээрин баса белгилеген.

Ошондой эле, тараптар социалдык коргоо чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана келечекте мамлекеттер ортосунда кызматташуу боюнча сүйлөшкөн.

Пикир

Оставить комментарий