• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкоров: Жардам сурап кайрылган жарандар документ чогултуп убара болбошу керек

Коом 0

Бишкек, 01.11.18 /Кабар/. Жардам сурап кайрылган жарандар чуркап, документ чогултуп убара болбошу керек. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнуктүрүү министри Улукбек Кочкоров ведомствонун коомдук Кеңеши менен болгон жолугушууда белгилеп кетти.

Жолугушууда ведомствонун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Кочкоров даректүүлүктү күчөтүү аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдарды төлөө боюнча иштер күчөтүлө тургандыгын билдирди.

“Биз автоматташтыруу системасына өтүп жатабыз. Мамлекеттик органдардын электрондук өз ара аракеттенүүсү мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн кызматтын убакытын кыскартат. Жардам сурап кайрылган жарандар чуркап, документ чогултуп убара болбошу керек. Бул маселелердин бары бир ведомстводо бүтүшуүкерек”, - дейт ал.

Коомдук Кеңештин өкүлдөрү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган министрликтин социалдык стационардык мекемелеринде мониторинг жүргүзүшкөндүгү тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында социалдык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү сунуштар берилди. Ошондой эле алар ведомстволук бюджеттин ачыктыгын камсыздоону жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүнү белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий