• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кодуранова КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын 48-пленардык жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. 29-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова баш болгон депутаттар Санкт-Петербург шаарындагы КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынына катышты. Сессияга Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жетекчилик кылып, отурумду расмий ачты.

Андан соң уюм алкагындагы өлкөлөрдөн келген делегаттар бекиткен күн тартиби талкууланып, моделдик мыйзам долбоорлору боюнча баяндамалар жасалды. Анда, ассамблея мүчөлүгүндөгү өлкөлөрдүн билим берүү тармагынын сапатын өнүктүрүүгө багытталган сунуштар айтылды. Муну менен катар эле балдар туризмин жогорку деңгээлге чыгаруу, маалыматтык коммуникациялык тармакты заманбап алып баруу маселелери ортого салынды. Ал эми бүгүнкү күндөгү экология көйгөйү дүйнө жүзүндө коркунуч алып келген фактор катары сыпатталып, ассамблея курамындагы мамлекеттер тыгыз кызматташтыкта иш алып баруу керектиги сунушталды. Мындан башка жеке өнөктөштүктүн механизмдерин иштеп чыгуу, туризм тармагындагы нормаларды сактоо, соода кызматташтыктагы жеңилдиктерди түзүү сындуу бир катар маселелер талкууланып бекитилди.

Ошондой эле өз эмгектери менен айырмаланган инсандарга КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ардактуу сыйлыктары тапшырылды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков да бар.

Соңунда сессияга катышкан ар өлкөнүн парламент өкүлдөрү басма-сөз жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Пикир

Оставить комментарий