• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кодуранова КМШга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилерин үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.04.18. /Кабар/. Санкт-Петербург шаарында өткөрүлүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 47-пленардык жыйынынын соӊунда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн атайын басма сөз жыйыны уюштурулду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Анда журналисттерди кызыктырган КМШнын учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги аткара турган иш-пландары, эл аралык мамилелер жаатындагы суроолорго тиешелүү жооптор берилди.

Алсак, маалымат жыйынында Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Асел Кодурановага Маданият жылынын алкагында кыргыз парламенти тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу суроо узатылды.

2016-жылдын 16-сентябрында Бишкекте өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында 2018-жылды Маданият жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынганын эске салган Асел Кодуранова: "Мамлекеттер аралык байланыш саясий-экономикалык алакалардын чегинде өнүксө, элдерибиздин ортосундагы мамиле маданий кызматташтыктын негизинде кеӊеет. Андыктан бай маданий мураска ээ шериктештикке мүчө мамлекеттердин бул жааттагы өнөктөштүгү өзгөчө мааниге ээ", - деди.

Ошондой эле Маданият жылынын алкагында көптөгөн иш-чараларды өткөрүү мерчемделгенин, анын ичинде Парламенттер аралык ассамблея тарабынан да түрдүү маданий долбоорлор ишке ашырыларын белгиледи.

КМШ ПААнын колдоосу менен Жогорку Кеӊеш жана И.Раззаков атындагы коомдук фонд биргеликте Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында белгилүү мамлекеттик-партиялык ишмер Исхак Раззаковго арналган эл аралык илимий конференция уюштурулганын мисал кылган Асел Кодуранова, жакында эле КМШ ПААга кыргыз элинин алгачкы элчилеринин бири Тилекмат Жылкыайдар уулунун эстелик бюсту белеке берилгенин кошумчалады.

Мындан сырткары, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгын КМШ алкагында белгилөө максатында түрдүү иш-чаралар пландалганын да маалымдады.

Муну менен катар Асел Кодуранова басма сөз жыйынында сөз сүйлөп жатып КМШга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилерин быйыл күздө Кыргызстанда өтүүчү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырып өттү.

Эскерте кетсек, Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын жана ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындары өттү. Ага төраганын орун басары Асел Кодуранова баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Акылбек Жамангулов, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Эмил Токтошев, Искендер Матраимов жана Садык Шер-Нияз катышты.

Пикир

Оставить комментарий