• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кой-Таш айылында автоунаа бакты сүзгөн. Жабыркагандардын арасында балдар бар

Кырсык 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынын Аблесов көчөсүндө Тoyota Rav4 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсык кечээ, 25-майда болжол менен саат 20:54тө катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан бир эркек, бир аял жана 2 кыз ар кандай даражада жараат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылган. Алар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Пикир

Оставить комментарий