• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал боюнча ИИМ башчысынын орун басары маалымат берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков 8-августта өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берүүдө.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков билдиргендей, түзүлгөн кырдаалдан улам алты кылмыш окуясы катталган. Натыйжада 44 адам медициналык мекемелерге кайрылып, анын ичинен атайын кызматтын бир кызматкери каза болгон.

“Тартылган кызматкерлердин колунда эч кандай курал-жарак болгон эмес. Биздин негизги максат мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту коргоо”, – деди.

Белгилей кетсек, Кош-Таш айлындагы кырдаалды талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз отурумга чогулду. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт мүчөлөрү жана тиешелүү күч түзүлдөрүнүн жетекчилери катышууда.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада. Ага эки ирет операция жасалды. Атамбаевдин тарапташтары болсо атайын даярдыктагы 6 аскерди кармап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий