• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кой-Таш аскердик бөлүгүндө жаш аскерлер ант беришти

Коом 0

Бишкек, 18.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 18-ноябрда Кой-Таштагы 73809-аскердик бөлүгүндө жаш аскерлердин ант берүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага аскерлердин ата-энелери, туугандары жана достору келип, аскердик бөлүктүн колдонуучу курал-жарактары, техникалары менен таанышып, машыгууларына күбө болушту.

Ошондой эле, Чуй облусунун Баткен согушунун ардагерлери да катышты.
Белгилей кетсек, аталган аскердик бөлүккө быйыл 150 адам кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий