• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кой-Таш окуялары боюнча сот: Отурумда прокуратура айыптоо корутундусу менен тааныштырды. Үч айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Бүгүнкү отурумда прокуратура айыптоо корутундусу менен тааныштырды. Мамлекеттик айыптоочулар баардык айыпталуучуларга карата айыптоо актысын жарыялап, үч айыпталуучу М.Шаменов, Н.Капарбек уулу жана А.Какебаев күнөөсү тууралуу келишим боюнча өз күнөөсүн мойнуна алышкан. Калган айыпталуучулар Ф.Ниязов, Р.Жээнбеков, И.Карамушкина, А.Кодуранова, К.Жолдубаева, К.Сагынбаев, М.Мискенбаев, Ф.Баабиев, К.Осмоналиев и Р.Карыпбек уулу күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок. А.Атамбаев сот залынан чыгарылган.

Сот иш материалдарын изилдөөнүн тартибин аныктаган. Биринчиден жабырлануучу, күбөлөрдөн, айыпталуучулардан сурак алуу башталат. Андан кийин иштин материалдарын изилдөө жана тараптардын жарыш сөзүнө өтүшөт.

Кийинки отурум 19-август күнү саат 10:00гө дайындалды.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Пикир

Оставить комментарий