• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кой-Таш окуялары Кыргызстандын саясий тарыхы үчүн өзгөчө болду - Осмонбетов

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. Бүгүн, 7-август күнү былтыр Кой-Ташта болгон окуяларга бир жыл болот. Саясий серепчи, Кыргыз Кеңеш эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча башкармалыктын төрагасы Эдил Осмонбетов Кой-Ташта болгон окуялар боюнча ою менен бөлүштү.

"Бир жыл мурда Кой-Ташта болгон окуялар Кыргызстандын саясий тарыхы үчүн өзгөчө болду. Кой-Таштагы окуялар бир нерсени көрсөттү. Ал эмнеге бат аяктап калды. Элдин көпчүлүгү ал көрүнүштү колдогон жок. Бирок аны баштаган күчтөр эл аларды колдойт деп божомолдогон. Бирок эл аларды колдобой койгонун көрдүк. Бир жагынан эл революциялардан, саясий туруксуздуктан, митингдерден тажады. Ал саясий акция болгону көрүндү. Аларда эл колдой турган ички идея, экономикалык чечимдер жок болчу. Башка жагынан ал саясий күчтү колдобой койгону биз саясий улут катары калынтанып жатканыбызды көрсөтөт. Ал эмнени түшүндүрөт? Дүйнөдөгү өлкөлөр саясий улут катары калынтанган болсо аларда андай окуялар болбойт. Ал биз саясий маданиятта өстүрүп, саясий деңгээлди көтөрүп жатканыбызды айтып турат. Кой-Таш окуялары Кыргызстандагы саясий улуттун калынтануу процессинин биринчи процесси болду. Ага ылайык адамдар аймактарга, партияларга бөлүнбөйт. Алар өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана саясий туруктуулугун сактоо манилүү экенин билишет", - дейт ал.

Анын айтымында, Кой-Таш окуяларындагы башкы сабак - өлкөдөгү саясий туруктуулукту, аймактык бүтүндүктү жана эгемендүүлүтү сактоо.

"Бизде саясий туруктуулук болгондо учурдагы чакырыктарга каршы тура алабыз. Борбор Азияда айрым саясий күчтөр өзү, өзүнүн саясий максаттары тууралуу ойлойт. Башкысы Кыргызстандын улуттук кызыкчылктары. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды коргошубуз керек. Биздин улуттук кызыкчылыгыбыз эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты сактоо", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий