• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кой-Таш окуялары мыйзамды жана мамлекетти сыйлабагандыктан улам болду — Чолпонбек Абыкеев

Коом 0

Бишкек, 07.08.20 /Кабар/. "Кой-Таш окуялары мыйзамды жана мамлекетти сыйлабагандыктан улам болду", - дейт бир жыл мурда орун алган окуяларга пикирин билдирип жатып саясий серепчи Чолпонбек Абыкеев. Ал ошондой эле эң жогорку кызматты ээлеп, президент болгон адам мамлекетти, анын бүтүндүгүн ойлогондо жана мыйзамды сыйлаганда бул окуялар таптакыр болбошу керек эле дейт.

"Атамбаев мамлекеттин бардык мыйзамдарын сыйлап, анын бузбашы керек болчу. Кой-Таш республикасын, мамлекеттик ичиндеги мамлекетти түзбөшү керек эле. Чындыгында, ал ар кандай провокацияларды уюштуруп, адамдарды чогултуп, мыйзамсыз иштер менен алектенип жүргөн. Анын суракка келбей коюп, тергөө органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей коюуга укугу жок болчу. Мамлекеттик чиновник болуп иштеп жүргөн адам катары ал мыйзамды мынчалык одоно түрдө бузбашы керек эле. Бирок тилекке каршы, ал мыйзамга жана мамлекетке сый-урмат көрсөтпөй, бардык мыйзамдарды бузду жана бул сабак болду. Анткени мыйзамга антип мамиле кылганга болбойт", - дейт Абыкеев.

Саясий серепчи баса белгилегендей, мындай көрүнүш кайрадан кайталанбашы үчүн баардыгы бул окуялардан сабак алышы керек.

"Эгерде ар бир адам өз айылынан бир мамлекет түзүп, өзүнүн мыйзамдарын ойлоп тапса, бизди кандай келечек күтүп турат? Саясатчы же мамлекеттик ишмер болобу өзүнүн жеке кызыкчылыктарын же адамдардын айрым тобунун кызыкчылыктарын эмес, эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыктарын жетекчиликке алуусу абзел. Маселе - мыйзамдардын жакшы же жамандыгында эмес, маселе алардын бар экендигинде. Эгерде мыйзам бар болсо, анда аны бардыгы урматтап, ага баш ийиши керек. "Бул мыйзам мага жакпайт, мен аны карманбайм" - деп ойлгонго эч кимдин укугу жок. Биз баарыбыз ал мыйзамдарды жактырбасак дагы, аларга баш ийишибиз керек. Мыйзамдарды кабыл алуу же аларга өзгөртүүлөрдүү киргизүү үчүн эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш бар, ал аркылуу мыйзамдар кабыл алынат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий