• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кой-Таш окуяларына бир жыл. Ал өлкөнү жана саясатчыларды эмнеге үйрөттү

Аналитика 0

Мындан туура бир жыл мурда бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салган Кой-Таш окуялары болгон. Албетте, бул күтүлбөгөн нерсе болду деп айтууга болбойт. Себеби мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары бир ай убакыттан бери анын резиденциясынын айланасында чогулуп, тосмолорду коюп, таштарды чогулта баштаган. Андан тышкары, аны колдогон бир топ минитингдер өткөн, бирок ага анын көптөгөн тарапташтарын чогулган эмес. Ага Алмазбек Атамбаев камалгандан кийин көмүскөдө калган жанындагы "дежурный" адамдар чогулган. Атамбаевди суракка алып келүүдө курмандыктар болду. Штурмдун натыйжасында УКМКнын "Альфа" атайын кызматынын кызматкери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, Ички иштер министрлигинин кызматкери оор жараат алды. Мындан тышкары, шаар көчөлөрүндө башаламандык өкүм сүрдү. Белгисиз адамдар шаар аралап, талкалап, милиция кызматкерлеринин кыжырына тийишти, аларды тынчтантуу үчүн жада калса түтөтмө гранаталарды да колдонууга туура келди.

Болуп өткөн окуя бир нече суроолорду жаратат. Мисалы, Атамбаевдин ою кантип бат өзгөрдү. Анткени, ал саясат эми ага кызыктуу эместигин айткан болчу, бирок ал өзүнүн саясий амбицияларын кармана алган жок, кыязы эс алууда жүрүү жана бийликсиз кыйын болуп кетти көрүнөт. Жыйынтыгында мурдагы президент темир тор артында калды, ал эми соттук отурумдар болсо өзүнчө эле кандайдыр бир шоуну эске салат. Анын тегерегинде жүргөн адамдар сотторго чабуул койчудай болуп, ар кандай акцияларды жана провокацияларды уюштурушат. Бирок алар негизги нерсени: Атамбаев өзүнүн иш-аракеттери менен мыйзамды жана конституцияны урматтабагандыгын көрсөткөндүгүн эстен чыгарышууда.

Мындай пикир менен көптөгөн эксперттер макул. Мыйзамдарга көңүл кош мамиле кылуу, айрыкча мурдагы президент тарабынан – бул элге гана эмес, саясатчыларга, айрыкча жаштарга жаман үлгү. Жакында парламенттик шайлоо болорун эстен чыгарбоо керек, Атамбаев көрсөткөн үлгү өлкө келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

«Атамбаев мамлекеттин бардык мыйзамдарын сыйлап, анын бузбашы керек болчу. Кой-Таш республикасын, мамлекеттик ичиндеги мамлекетти түзбөшү керек эле. Чындыгында, ал ар кандай провокацияларды уюштуруп, адамдарды чогултуп, мыйзамсыз иштер менен алектенип жүргөн. Анын суракка келбей коюп, тергөө органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей коюуга укугу жок болчу. Мамлекеттик чиновник болуп иштеп жүргөн адам катары ал мыйзамды мынчалык одоно түрдө бузбашы керек эле. Бирок тилекке каршы, ал мыйзамга жана мамлекетке сый-урмат көрсөтпөй, бардык мыйзамдарды бузду жана бул сабак болду. Анткени мыйзамга антип мамиле кылганга болбойт», - дейт 2019-жылдын 7-8-августунда болгон окуяларга карата өзүнүн оюн билдирип жатып саясий серепчи Чолпонбек Абыкеев.

Анткени, саясатчылар жана аткаминерлер биринчи кезекте өзүнүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы, анын туруктуулугу жана коопсуздугу жөнүндө ойлонушу керек.

«Эгерде ар бир адам өз айылынан бир мамлекет түзүп, өзүнүн мыйзамдарын ойлоп тапса, бизди кандай келечек күтүп турат? Саясатчы же мамлекеттик ишмер болобу өзүнүн жеке кызыкчылыктарын же адамдардын айрым тобунун кызыкчылыктарын эмес, эң биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыктарын жетекчиликке алуусу абзел. Маселе - мыйзамдардын жакшы же жамандыгында эмес, маселе алардын бар», - деп кошумчалады эксперт.

Ошондогу окуялардын маанилүү учурларынын бири - бул адамдар мындан кайрадан ары артка кетүүнү каалабай тургандыгын көрсөттү. Анткени, мындай башаламандыктар өлкөнүн өнүгүшүн токтотуп эле койбостон, аны артка түртөт. Кыргызстандагы эки революцияны айтсак, калыбына келүү азыркы учурга чейин уланууда. Кыргызстандыктар тынчтыкта ​​жана гүлдөп өнүгүүнү каалашат.

«Бир жыл мурда Кой-Ташта болгон окуялар Кыргызстандын саясий тарыхы үчүн өзгөчө болду. Кой-Таштагы окуялар бир нерсени көрсөттү. Ал эмнеге бат аяктап калды. Элдин көпчүлүгү ал көрүнүштү колдогон жок. Бирок аны баштаган күчтөр эл аларды колдойт деп божомолдогон. Бирок эл аларды колдобой койгонун көрдүк. Бир жагынан эл революциялардан, саясий туруксуздуктан, митингдерден тажады. Ал саясий акция болгону көрүндү. Аларда эл колдой турган ички идея, экономикалык чечимдер жок болчу. Башка жагынан ал саясий күчтү колдобой койгону биз саясий улут катары калынтанып жатканыбызды көрсөтөт. Ал эмнени түшүндүрөт? Дүйнөдөгү өлкөлөр саясий улут катары калынтанган болсо аларда андай окуялар болбойт. Ал биз саясий маданиятта өстүрүп, саясий деңгээлди көтөрүп жатканыбызды айтып турат. Кой-Таш окуялары Кыргызстандагы саясий улуттун калынтануу процессинин биринчи процесси болду. Ага ылайык адамдар аймактарга, партияларга бөлүнбөйт. Алар өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана саясий туруктуулугун сактоо манилүү экенин билишет», - дейт Кыргыз Кеңеш эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча башкармалыктын төрагасы Эдил Осмонбетов.

Эң башкысы саясатчылар убагында "бут кийим алмаштыруу" алардын пайдасына чечилбей тургандыгын, тескерисинче, элге карата алардын эки жүздүүлүгүн көрсөтүшү мүмкүндүгүн түшүнүүлөрү керек.

«Ал Кыргызстандын саясий элитасы үчүн саясий сабак. Саясатчы өзүнүн амбицияларын улуттук кызыкчылыктардан, жарандардын коопсуздугунан жогору коюп, өзүнүн саясий амбицияларына жетеленген учурда ушундай окуялар болот. Атамбаев бийликте турган кезде мамлекет башчы катары митингчилердин укуктук талаадан чыккан аракеттерине жол бербей тургандыгын айтчу. Анын президенттик жылдарында ал нерселерди көрдүк. Ал кызматтык, коомдук жана саясий статусуна карабай мыйзам алдында баары бирдей экенин айтчу. Бирок ал сурактарга келүүдөн баш тартып жатты. Анын айтканы менен жасаганы башка болду», - дейт саясий серепчи Игорь Шестаков

Натыйжада, Атамбаев бир гана нерсеге жетти, учурда ал айыпталуучу болуп саналат. Жогоруда айтылгандай, соттук отурумдар өзүнчө эле шоуга окшош, анда мурдагы президент өзүн аябай кыйналган адам кылып көрсөтүүгө аракет жасайт. Бирок коом мунун театр экендигин түшүнөт, ал эми мурдагы президентти болсо анын тегерегиндеги адамдар гана колдоодо.

Азыркы учурда сот өкүм чыгарууга жакындап калды Отурумдун журүшүндө айыптоо актылары угузулууда.

Айта кетүүчү нерсе, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы каралган.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Пикир

Оставить комментарий